Бириккен Улуттар уюмунун инспекторлору Сириядагы химиялык куралдын колдонулушу тууралуу жаңы баяндама жарыялады. Бирок анда химиялык куралды өкмөттүк күчтөр же козголоңчулар колдонгону тууралуу так маалымат жок.
Бейшембиде жарыяланган баяндамада нерв системасына таасирин тийгизчү зарин газы 21-августта Дамасктын тегерегинде Гута районунда колдонулганы аныкталганы айтылган. Ошондой эле баяндамада зыяндуу газ чабуулу Хан ал-Ассал, Жобар,Сарагиб жана Ашрафия шаарларында марттан август айына чейин колдонулушу мүмкүн экени да белгиленген.
Буга чейин Сирияда химиялык курал колдонулуп, андан жүздөгөн адамдар апаат кеткени далилденген соң эл аралык коомчулуктун басымы менен расмий Дамаск өзүндөгү андай куралдарды жок кылууга макул болгон.