Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына мигранттардын укугун коргоп нааразылык акцияга чыкты. Ал колуна “Орусиядагы улутчулдукту айыптайм”, “Такырбаштарды тыйгыла” жана “Кулактары көзөлгөн балдарга медициналык жардам көрсөтүлсүн” деген плакаттарды көтөрүп турат. Токтонасыров элчиге “Орусия жумушчу күчтөргө мажбурсуңар, ошондуктан мигранттарды сыйлагыла” деген таризде жазылган катты тапшырат. Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” кабарлады.
Кыргызстандык эки мигрант Москвадагы улутчул топтун кол салуусуна тушукканы он күндөн кийин, 12-декабрда белгилүү болгон. Кол салуудан жабыркагандардын бири 25 жашта, экинчиси 23 жашта. Экөө тең кулактарынан кан токтобой, баштары айланып баштаганда гана Москвадагы кыргызстандыктардын "Дина К+" деп аталган клиникасына кайрылышкан. Аталган клиниканын дарыгери Татина Кайыпбердиева “Азаттыкка” эки жигиттин саламаттыгы азыр дурус экенин, он күн мурда оор абалда келгенин айткан. (КЕ)