Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Нарын мамлекеттик университетинин ректорлугуна шайлоо өттү


Бүгүн, 13-декабрда Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетинин ректорлугуна шайлоо болуп өттү. Анда талапкер болгон Алмаз Акматалиев, Таштанбек Сияев, Дамира Өмүралиевалар тийиштүү добуш алып өкмөткө сунушталышты. Премьер-министр бир жума ичинде сунушталган 3 талапкердин бирөөсүн ректорлукка дайындайт.

Шайлоого Алмаз Акматалиев, Таштанбек Сияев, Дамира Өмүралиева, Нарынкүл Чоробаева, Жолдош Сыдыков болуп беш талапкер катышкан. Окуу жайдагы жалпы 138 мугалимдин 134тү добуш беришти.

Нарын мамлекеттик университети 1996-жылы түзүлгөн. Төрт кафедрада үч миңдей студент билим алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG