Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Жети-Өгүздүн аттуу-баштуулары саруулуктар менен сүйлөшөт


Кумтөрдө иштеген айрым жетиөгүздүктөрдү бүгүн өкмөтүн облустагы өкүлүнүн орун басары Аскарбек Жаныбеков жана Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров кабыл алды. Алар Саруудагы “өзгөчө кырдаалга” байланыштуу Кумтөргө Барскоон айылы аркылуу барып, жол узак болуп жатканын айтып даттанышты. Ошондой эле бул көрүнүш жергиликтүү тургундарды кооптондуруп жатканын белгилешти. Бүгүн кечки бештерде Жети-Өгүздүн аттуу-баштуулары саруулуктар менен сүйлөшөлү деген чечимге келишти.

Жети-Өгүздүн Саруу айылында бир-эки айдан бери митингге чыгып жаткандар 10-декабрда айылга “өзгөчө кырдаал” киргизишкен. Анын негизинде айылга кирип-чыгуучу жерлерге атайын тозоттор орнотулуп, кечки 10дон таңкы 7ге чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынган. Бул күч кызматтарынын аларды кармап кетүү аракеттерине каршылык иретинде жасалган кадам экенин “Азаттыкка” саруулуктардын лидери Замир Меңдибаев маалымдаган болчу. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы бул көрүнүштү мыйзамсыз деп атаган. (КЕ/МК)

XS
SM
MD
LG