Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Түндүк Кореяда жогорку жетекчи атууга кетти


Сеул жана Вашингтон Түндүк Корея лидеринин жакын тууганы атууга кетти деген кабарга байланыштуу камтамасын билдиришти. Ким Чен Ындын жездеси, жетекчиликтеги экинчи адам катары каралып келген Чан Сон Тхэк Мамлекеттик коргоо комитетинин төрага орун басары болчу жана Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүн жетектечү.

Үстүбүздөгү аптада бардык кызматтарынан алынып, казынадагы акчаны максатсыз пайдалануу, кумар оюндарды ойноо, маңзаттарын колдонуу үчүн айыпталган. Түштүк Кореянын Биригүү боюнча министрлиги Сеул өкмөтү кошуна өлкөдөгү мындай окуяларга терең тынчсызданаарын билдирди. Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңеши болсо өлүм жазасынын ишке ашырылганы чын болуп чыкса, бул дагы бир жолу Түндүк Корея режиминин ырайымсыздыгын далилдейт деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG