Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

ЛДПР тил жөнүндөгү документте 20 ката кетирген


Орусияда ЛДПР партиясынын депутаттары Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизип, эмгек мигранттары жумуш маалында жалаң орус тилинде сүйлөөгө тийиш деген демилге көтөрүштү. Бирок эң кызыгы алар мыйзам долбоору менен кошо жөнөткөн түшүндүрүү катында бир топ ката кетиришкен. Документ “Эхо Москвы” радиосунун блогдор бөлүгүндө жарыяланды. 244 сөздөн турган катта 20 чакты ката бар экен. Анын айынан айрым сүйлөмдөрү таптакыр түшүнүксүз, маанисиз болуп калган.

XS
SM
MD
LG