Мындай маалыматты Баткен рйонунун Самаркандек айыл округунун башчысы Кеңеш Салихов “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, айыл округ аймагында жай тургундар өз алдынча тоо арасынан көмүр казуу үчүн даярдаган 35 шахта көмүлүп жабылды. Атайын түзүлгөн комиссия жума сайын жабылган шахталарды көзөмөлдөп турушмакчы.
Кеңеш Салихов “антпесек кайра эле көмүр казгандар ачып алып жатышат. Ошондуктан бул чуңкурларды жардыруу керек. Бирок бизде андай кызмат жок”, -деп кошумчалады.
Ушул жылдын 13-августунда аталган аймакта 5 киши көмүр казуу үчүн жер алдына түшүп, үчөөсү топон суу астында калып каза тапкан. Самаркандек айыл аймагында уруксаты бар 4 ишкана жылына 10 миң тоннадай көмүр өндүрөт. Мындан тышкары уруксатсыз көмүр казгандар да болуп келет. (JsA)