Бул тууралуу “Кумтөр” ишканасынын кызматкерлери кечээ облустук администрациянын алдында өткөргөн акциясында билдиришти. Алардын айтымында, жумушчуларды ташыган автобустар 29-ноябрдан тарта көлдү айланып каттап жатат. Ага чейин 28-ноябрда “Кумтөр” компаниясына таандык автобусту Балыкчы-Каракол жолунда Саруу айылынын тургундары камактагы айылдаштарын бошотуу талабы менен бир сааттай кармашкан. Андан тарта кызматкерлер 80дей чакырымдын ордуна 300дөн ашык чакырым жол жүрүп калышканын билдиришти.
Ал эми Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров автобус токтотулган күндөн кийин ишкананын жетекчилигине коопсуздук чараларын көрүү жана каттам сааттарын алмаштыруу тууралуу кат жолдогонун кабарлады.
Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы активисттер ушул аптада айылына “өзгөчө кырдаал” киргизип алды. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы бул боюнча атайын билдирүү таратып, саруулуктардын "өзгөчө кырдаал" жарыялаганы мыйзамга каршы келерин айткан.
Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен быйыл май айынан бери каршылык акцияларын уюштуруп келет. 7-октябрда Каракол шаарындагы митингден кийин бир нече киши камакка алынган. Жергиликтүүлөр аларды бошотууну да талап кылып чыгышууда. (MK)