Кыргызстандын президенти 16-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берээрин бүгүн президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнөн билдиришти. Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарып, өзү иштеп жаткан эки жылда жасалган иштер, экономикалык жана башка тармтактардагы долбоорлор, инвестициянын көлөмү жана башка маселелер тууралуу маалымат берет. Андан сырткары учурдагы абал тууралуу айтып, келечекке коюлган пландар боюнча билдирет. Журналисттер менен суроо-жооп иретинде маалымат алмашуу эркин жүргүзүлөт.
Маалымат жыйынына азырынча 50гө чукул маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катталды. (AKu)
Маалымат жыйынына азырынча 50гө чукул маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катталды. (AKu)