Өзбектстанда мамлекеттик клиникаларда аялдарды күч менен төрөттөн ажыратуу (медициналык стерилизация) дагы деле кеңири колдонулууда - деди “Ачык коом” институту жарыялаган баяндаманын автору, Би-Би-Синин Борбор Азияданы кабарчысы Наталья Антелава. Журналисттин айтымында, өзбек өкмөтү калктын санынын өсүшүн жөндөө үчүн дарыгерлерге басым көрсөтүп, аялдарга стерилизация жасатылат. Баяндама боюнча Вашингтон жана Нью-Йорк шаарларында өткөн талкууларда Антелава Өзбекстанда эки же андан көп баласы бар төрөт курагындагы аялдар күчтөп жасалчу стерилизациянын курмандыктары экенин айтат.
Коңшу өлкөдө жашоо-шарты начар жана этностук топторго кирген аялдар медициналык стерилизацияга дуушар болоору буга чейин көп айтылып келген. Бул программа Өзбекстанда 1999-жылдан бери ишке ашырылат.
Коңшу өлкөдө жашоо-шарты начар жана этностук топторго кирген аялдар медициналык стерилизацияга дуушар болоору буга чейин көп айтылып келген. Бул программа Өзбекстанда 1999-жылдан бери ишке ашырылат.