Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:37

Дүйнөдө 14 миллион киши рак менен ооруйт


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы маалыматына ылайык, рак илдети менен ооругандардын саны жер жүзүндө 14 миллион адам болду. Бул 2008-жылдагы көрсөткүчкө караганда 12,7 миллион адамга көп. Ал эми бул дарттан каза тапкандар былтыр 8,2 миллион адам болгон. Оорунун күчөөсү адамзатынын жашоо образынын начарлоосу менен өнүккөн өлкөлөрдө өндүрүш тармагынын өөрчүүсү болууда. Чылым тартуу менен ашыкча салмак да буга кошумча.

Тамекиден улам келип чыккан өпкөнүн рагы 1,8 миллион кишиде аныкталган. Андан кийинки оорунда эле аялдардын көкүрөк рагы турат. Дүйнөнүн 140 өлкөсүндө бул дарт кадыресе көрүнүшкө айланды. Кыргызстанда да жылына орто эсеп менен миңдей аял көкүрөк рагынан кайтыш болот. Рак илдеттүүлөр 2025-жылга чейин 19 миллионго жетээри күтүлүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG