Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:55

Журналисттерге карата зомбулук жазасыз калууда


БУУнун Сөз эркиндикиги боюнча атайын билдирүүчүсү Франк Ла Руе журналисттерди коргоого багытталган БУУнун Коопсуздук Кеңешинде жазасыздык журналисттерге карата зомбулукту күчөтүп жатканын билдиргенин бүгүн аталган уюмдун маалымат борбору кабарлады.

Бул билдирүүдө журналисттерге карата опузолоолор же кол салуулар көбүн эсе жазалоосуз, же атайын иликтөөсүз кала берээри белгиленген. Франк Ла Руенин айтымында, 2011-жылдан бери Сирияда 84 журналист өлтүрүлгөн. Дүйнөнүн 40 өлкөсүндө 171 журналистке кол салынган.

Журналисттерди өлтүрөрдөн мурда атайын күчтөр аларды коркутуп, ар кандай кысымга алышып кыйнашат. Кыргызстанда да өткөн айда эле белгилүү шоумен-журналист Бакыт Букаев киши колдуу болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG