Ирандын президенти Хасан Роуханинин интернет сайты экинчи маймылды орбитага учуруу ийгиликтүү ишке ашканын маалымдады. Биринчи жолу суюк отун менен жабдылган Ирандын ракетасына учурулган Фаргам деген маймыл кайра Жерге аман-эсен келип конгону кабарланат. Бул эксперимент качан ишке ашканы айтылган эмес.
Ушул жылдын январында Тегеран космоско учурган маймыл Жерге тирүү кайтып келгенин жарыялаган. Бирок жерге келип конду делген маймылдын ордуна башкасы коомчулукка көрсөтүлгөнү космостук тажрыйбага күмөн туудурган. Батыш болсо Ирандын космостук технологиясы алыс аралыкка уча турган ядролук ракеталарды даярдап жатышы дагы мүмкүн деп кооптонот.