Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Америкалык сенаторлор "Евромайданда" болушту


Сенаторлор Жон Маккейн менен Кристофер Мерфи жекшембиде бийликке каршы ири нааразылык өтүп жаткан Майданда болуп, Кошмо Штаттар украиналыктардын евроинтеграцияга умтулуусун колдой тургандыгын билдиришти. Эл алдына чыгып сүйлөгөн Маккейн: “Биз бул жерде Украинанын өз келечегин демократиялуу жол менен аныктоо укугун колдогону турабыз”, - деп айтты. Күндүз болсо сенатор оппозиция лидерлери менен жолуккан. Маккейн украин бийликтерин жарандардын өз көз карашын тынч билдирүү укуктарын коргоого чакырды.

Маалымат каражаттары жекшембиде Майданда Украинанын Бажы биримдигине кирүүсүнө жол бербөө жана саясий туткундарды бошотуу боюнча резолюциялар кабыл алынганын кабарлады. Украин Ички иштер министрлиги бийликке каршы акцияга 18 миң киши катышты десе, оппозиция эки жүз миңдей киши аянтка келгенин билдирет.

Киевдин Европа аянтында президент Янукович менен өкмөт башчы Азаровду колдогон митингдер дагы өтүүдө.

XS
SM
MD
LG