Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Кумтөр боюнча сүйлөшүү уланат


17-декабрдан тарта Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы башталат. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттыкка” маегинде билдирген. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдө Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү маселеси талкууланып жатат. Бирок азырынча сүйлөшүүдө мурда сунушталган 50/50 пайыздык үлүш негизги вариант болуп жатат.

Октябрь айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдөгү үлүштү көбөйтүү боюнча токтом кабыл алган. Токтомдо кыргыз өкмөтүнө “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү тапшырмасы берилген. 23-декабрга чейин “Центерра Голд” кыргыз тараптын сунушуна макул болбосо, өкмөт келишимден бир тараптуу чыгуу жараянын башташы керек.(BkA)

XS
SM
MD
LG