Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Кыска метраждуу тасмалар фестивалы аяктады


Жекшембиде Бишкекте өтүп жаткан «Кыргызстан-кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалы жыйынталды. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” маалымдашынча, фестивалдын эл аралык конкурсунда “Эң мыкты тасма” номинациясын тажикстандык режиссер Шарофат Арабованын “Между” аттуу тасмасы, “Мыкты режиссура” сыйлыгын армениялык Ашот Кещяндын “Алхас жана Жульетта”, фестивалдын калыс тобунун “Автордун жарандык позициясы үчүн” атайын сыйлыгын Грузиядан келген Давид Паппиянын “Согуш мууну”, көрүүчүлөрдүн көңүлүнө арзыганы үчүн атайын сыйлыкты казак режиссеру Айнур Исмаилованын “Ата” аттуу тасмасы алды.

Ал эми улуттук конкурста жаш режиссер Руслан Акундун “Өтмөк” аттуу тасмасы “Эң мыкты тасма” жана көрүүчүлөрдүн көңүлүнө арзыганы үчүн атайын сыйлыкты алды. “Мыкты режиссура” сыйлыгын Алижан Насыровдун “Кара далы”, калыс тобунун “Автордун жарандык позициясы үчүн” атайын сыйлыгына Марсбек Бусурманкуловдун “Кылым карыткан эл” тасмасы татыды. Жеңүүчүлөр атайын диплом, статуэтика жана 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланды.

12-декабрда башталган фестивал бул жылы Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналды. Ага КМШ, Балтия өлкөлөрү жана Грузиянын киночулары катышты. Фестивалдын эл аралык конкурсуна 13 тасма, улуттук конкурска 10 тасма ат салышты. Фестивал Кыргызстанда үчүнчү ирет уюштурулду.(BkA)

XS
SM
MD
LG