Токтогулда 15-декабрь күнү күйүп кеткен эки кабаттуу үйдүн жашоочуларынын аты-жөнү жана келтирилген зыяндар такталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мыктарбек көчөсүндө фин тибинде курулган 8 батирлүү имарат электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан күйүп кеткен. Түнкү саат 3кө жакын биринчи кабатта башталган өрт күндүзгү 12лер чамасында өчүрүлгөн. Үйдүн төрт батири толугу менен күйүп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. (SE)