Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Атамбаев: Үч жылда энергетикалык көз карандысыздыкка жетебиз


2017-жылга чейин Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетет. Бул тууралуу өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн журналисттер менен жолуккан учурда айтты.

- 2017-жылга чейин бул тармак көз карандысыздыкка жетет. Эл кышты коркпой эле тосуп алат,- деди Атамбаев.

Кыргызстанда күз-кыш айлары учурунда энергетика тармагы орчундуу көйгөйгө айланып келет. Маселени чечүү үчүн эл аралык каржы уюмдары жана Кытай өкмөтү менен биргелешкен долбоорлор иштеп жатат. Президенттин айтымында, 2010-жылдан бери өлкөгө энергетика жана бир катар тармактарга 5 миллиард доллар инвестиция тарттылган.(KE\SE)

XS
SM
MD
LG