Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:40

Тажик аскерлери алып кеткен кыргызстандыктар бошотулду


Тажик чек арачалары 15-декабрь күнү алып кеткен эки кыргызстандык жаран бүгүн бошотулду. Бирок автоунаалары кайра берилген жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жекшембиде Самаркандек айыл округунун эки тургуну Тажикстандын Хожъалоо айылына жакын жерде иштетилбей калган электр мамыларын алып кетүүгө аракет кылган учурда тажик чек арачылары кармап кеткен. Электр мамылары Кыргызстанга тиешелүү экени айтылып келет.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 16-декабрь таңга жуук экөө тең Кыргызстанга кайтарылды. Бирок, алар минип барган бир автоунаа жана бир трактор тажик тарапта калды. Техникаларды кайтаруу жаатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Окуя болгон жер такталбаган аймак болуп саналат. (JsA)

XS
SM
MD
LG