Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:23

Кавказ музыкасына арналган маданий кече болот


“Музыка элдин дили: Түштүк Кавказ” деп аталган маданий иш-чара 18-декабрь күнү Бишкектеги Улуттук консерваторияда өтөт. Аны “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду уюштурууда.

Аталган фонддон “Азаттыкка” билдиришкендей, программанын максаты – Кыргызстандагы диаспоралардын маданиятын изилдөө аркылуу этностор аралык сый-урматты жогорулатуу. Буга чейин фонд тарабынан ушундай эле концерт-лекция корей элинин маданиятына арналып уюштурулган. (SE)

 

XS
SM
MD
LG