Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Атамбаев премьер күнөөлүү болсо жоопко тартыларын айтты


Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Сатыбалдиев менен вице-премьер-министр Сарпашевге айтылып жаткан сындар далилин тапса, алар жазага тартыларын айтты. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн журналисттер менен жолугушкан учурда билдирди.

Парламент депутаттары жана коомчулук арасында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ишмердүүлүгү сынга алынып келет. Ал Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны башкарып турган учурда мыйзам бузууларга жол бергени айтылат.

Өткөн айда “Республика” фракциясынын депутаттары вице-премьер-министр Тайыр Сарпашевди убактылуу жумуштан бошотуу керектигин айтып чыккан. Алар буга Сарпашевдин жакындарына караштуу компаниялардын Кумтөргө май ташыган жана Бишкектин жолдорун оңдоого байланышкан миллиондогон тендерлерди утуп алып жатканын жүйөө кылып келтиришкен. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG