Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында өткөрүлгөн атайын рейддин жүрүшүндө төрт күн ичинде 77 унаа Жол кайгуул кызматынын атайын токтотулуучу жайына киргизилди.
Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Жол кайгуул кызматы тарабынан 11-14-декабрь күндөрү өткөрүлгөн рейд учурунда 1471 унаа текшерилип, 25 киши айдоочулук күбөлүгү жок машине айдап жүргөнү аныкталды. Кармалган 77 айдоочунун көпчүлүгү кызуу абалында болгон.
Жыл башынан бери облус аймагында жол кырсыктарынан 188 адам каза болгон. (YA)