Депутат Акматбек Келдибековду бошотуу талабы менен ачкачылык кармаган 15 аял беш күндөн бери борбордук аянтта тигилген боз үйлөрдө отурушат. Эки күн мурун акциянын эки катышуучусу ден соолугу начарлап, доктурга кайрылган.
Ачкачылык кармагандар менен 15-декабрда Жогорку Кеңеш депутаты Жылдызкан Жолдошева жолугуп, талаптарын бийликке жеткирүүнү айткан. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын Оштогу координатору Дарыя Шабданова билдирди.
Учурда Ош шаарындагы борбордук аянтта Келдибековдун тарапкерлери тиккен үч боз үй турат. Ачкачылык кармагандардын арасында Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Суу райондорунан келгендер бар. Алар акцияны 11-декабрда башташкан.
Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерге айыпталып, 20-ноябрда камакка алынган. (SE\ErN)