Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Кыргызстан–Орусия кызматташтыгы талкууланат


Бүгүн Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны башталат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйында эки өлкө ортосундагы отун-энергетикалык, газ, өнөр жай, транспорт, миграция тармактарындагы кызматташтык маселелери талкууланат. Анда Кыргызстандын делегациясын өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, орусиялык делегацияны Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов жетектейт. Жыйын соңунда эки өлкө ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча протоколго кол коюлат.

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны жылына эки ирет өтөт. Буга чейин апрель айында Москвада өтүп, анда “Кыргызгаз” ишканасын орусиялык “Газпромго” сатуу боюнча келишимге кол коюлган.(BkA)

XS
SM
MD
LG