Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Украина: Евробиримдик жана Орусия өз сунуштарын айтты


Украина Евробиримдик же Орусия менен мамиле курууда ким менен калышты өзү чечиши керек. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирүү жасады.

Алар буга чейин Брюсселде жолугуп, Украинадагы абалды талкуулашты. Ошондой эле Эштон Евробиримдик менен маанилүү саясий жана соода келишимин түзүү Украина үчүн кыска мөөнөт ичинде экономикалык маселелерди чечүүнүн жакшы жолу болмогун эскертти.

Кремл өз кезегинде Украинага кредит берүү жана газ маселеси боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул боюнча сүйлөшүүлөр украин президенти Виктор Януковичтин бүгүнкү Москвага сапарынын жүрүшүндө өтөөрү күтүлүүдө. Ал ортодо Киевдеги Төбөлсүздүк аянтында евроинтеграцияны жактагандардын төрт аптадан берки нааразылык акциясы уланып жатат.

XS
SM
MD
LG