Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

Саруудагы абалды “Ынтымак” комитети көзөмөлдөйт


Саруудагы абалды көзөмөлдөө үчүн “Ынтымак” комитети түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” район акими Дамир Моңолдоров билдирди. Комитеттин курамына райондон аттуу-баштуу саналган 30 киши кирди, арасында Саруу айылынын тургундары да бар. Алар аймактагы абалды карап, мыйзам бузууларды болтурбоо аракеттерин көрүшөт. Мындан ары саруулуктар коюп жаткан талаптар комитет аркылуу тийиштүү жерлерге жеткирилет. Бул маалыматты Саруу айылынын тургуну Замир Меңдибаев да тастыктады.

Комитет түзүлгөнүнө байланыштуу Жети-Өгүз районунун аттуу-баштуулары бүгүн Саруу айылында өткөрүүнү пландаган жыйыны болгон жок.

Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумга каршы октябрь айында Каракол шаарында уюштурулган митинг башаламандык менен аяктап, катышуучулар өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алган. Бул боюнча 23 адам кармалган, жетөө УКМКнын тергөө абагында. Ошондон бери Саруу айылынын тургундары аларды бошотуу талабы менен утур-утур митинг өткөрүп келишет. (MK)

XS
SM
MD
LG