Депутат Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып, ачкачылык жарыялагандардын арасынан абалы начарлаган төрт аялга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” партиясынын Оштогу координатору Дарыя Шабданова билдирди.
Оштогу борбордук аянтка тигилген үч боз үйдө акция уланууда. Учурда ал жерде ачкачылык кармаган 12 аял жана 8 эркек бар. Алар менен буга чейин Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" партиясынын депутаттары жолуккан.
Акция 11-декабрда башталган. Ачкачылыкка чыккандар Алай, Кара-Кулжа, Ноокат жана Кара-Суу райондорунан келген.
Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерге айыпталып, УКМКнын тергөө абагына 20-ноябрда камалган. (SE)