Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Бишкекте кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө


Жыйында Орусиянын бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов Бажы биримдигине кирүү үчүн кыргыз тарап коюп жаткан шарттар урматталаарын жана ал дыкат каралып чыккан соң гана тыянак чыгарылаарын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши - өлкө үчүн ийгиликтүү кадам болот.

Президент Алмазбек Атамбаев 16-декабрда журналисттер менен жолугушкан учурда Кыргызстан Бажы биримдигине улуттук кызыкчылыктар корголгон шартта гана кирерин билдирген.

Бажы биримдиги 2010-жылы түзүлгөн. Ага Орусия, Казакстан жана Беларус мүчө. 2013-жылдын 29-майында Кыргызстан Бажы биримдигине мүчөлүккө арыз берген. (ZB\SE)

XS
SM
MD
LG