Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:09

Аба ырайы: кар көчкү коркунучу сакталууда


17-20-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.

Синоптиктердин билдиришинче, 17-декабрда айрым аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1...-6,
Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз -3…-8,
Баткен облусунда -4…-9, күндүз -1…-6,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0…-5,
Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7,
Тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -7…-12 градус суук болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн -9…-11, күндүз -1...-3 градус болот.

XS
SM
MD
LG