Ошто жаңы жыл майрамына карата базардагы бааларга көзөмөл жүргүзүлөт. Мэрияда бүгүн болгон жыйында шаардык монополияга каршы жана жөнгө салуу агенттигине ушундай тапшырма берилди. Агенттик тарабынан түзүлгөн атайын топ бааларды бир калыпта сактоо аракетин көрөт. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстанда жыл сайын жаңы жыл алдында азык-түлүктүн кымбаттоосу байкалат. (SE)
Кыргызстанда жыл сайын жаңы жыл алдында азык-түлүктүн кымбаттоосу байкалат. (SE)