Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Кыргыз-орус министрлери ГЭС куруу боюнча тапшырма алды


Кыргызстан менен Орусиянын Энергетика министрликтерине Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтерин курулуш иштерин каржылоонун ыңгайлуу шартын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Бул жаатта Энергетика министрликтери 2014-жылдын 1-февралына чейин эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери менен биргеликте иш алып барат.
Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында маалым болгондой, кыргыз тарап 1-мартка чейин ГЭС курула турган жер аянттарын жергиликтүү мыйзамдарга дал келүү жагын аныктайт.

Премьер-министр, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Жантөрө Сатыбалдиев билдиргендей, Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык экономикалык негиздемеси аяктоо алдында турат.

Орусиянын бажы кызматынын башчысы, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы, Андрей Бельянинов энергетикалык багыттагы кызматташтыкты кыргыз-орус мамилесинин олуттуу бөлүгү катары сыпаттады. (ZB\SE)

XS
SM
MD
LG