Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

Ошто газ басымы төмөндөдү


Ош шаарында газ басымы төмөндөп кеткенине тургундар нааразы болуп, шаар бийлигине кайрылышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Соңку күндөрү Кулатов кичи районунда жана ошол аймакка жакын конуштарда газ тез-тез өчүп калууда.

Ош газ чарба башкармалыганан кабарлашкандай, суук түшөрү менен көгүлтүр отту пайдалануу жанданганына байланыштуу тартыштык байкалууда.

Ош шаарына жана Кара-Суу районуна газ кошуна Өзбекстандан келет. Жыл сайын кышка жакын коңшү өлкө төлөмдөргө байланыштуу деп көгүлтүр отту берүүнү кыскартат.

Учурда аймакка Өзбекстандан саатына 4 миң куб өлчөмүндө газ берилип жатат. Турак үйлөр менен мекеме-ишканаларды үзгүлтүксүз тейлөө үчүн ал 5000 куб метр болушу зарыл. (SE)

XS
SM
MD
LG