Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 02:48

Пакистандагы жардыруулардан 2 киши мерт кетти


Пакистандын Куррам чөлкөмүндө 3 бомба жарылып, эки киши жан таслим болду, 6 киши жараат алды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "Азаттыкка" маалымдашкандай, жолдун боюна коюлган бир бомба шийи мусулмандарды бутага алган. Ошол эле жолдо дагы бир жардыруу болду. Үчүнчүсү Куррамдын башка четиндеги жолго коюлган. Бул эки кол салуу шийилерге каршы багытталганбы же жокпу белгисиз. Буга чейин бул чөлкөмдө мазап аралык уруштар болуп келген. Соңку чабуулдар үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG