Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Дааватчыларга сертификат берилди


Бишкек шаарындагы борбордук мечитте 15-ноябрда башталган дааватчылык курсу аяктап, бүгүн 27 кишиге сертификат берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Дааватчылык курсуна келгендерди 30 күн бою муфтияттын кызматкерлери жана Ислам институтунда иштеген молдолор окутат. Мусулмандар дин башкармалыгы уюштуруп жаткан дааватчылык курсун 2010-жылдан бери 479 адам бүтүргөн.

16-декабрдан баштап Бишкектеги “Ыйман” мечитинде өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген имамдар үчүн да окуулар башталды. Дин башкармалыгы уюштурган бул окуу курсун Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы каржылоодо. (SE)

XS
SM
MD
LG