Бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда Лондондогу кыргызстандык скрипкачы Жумаш Дурусалиевдин концерти өтөт. Анда скрипкачы немис композитору Иоханнес Брамстын атактуу чыгармаларын аткармакчы. Жаш музыкантты Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестр коштойт. 20 жаштагы Дурусалиев учурда Британиядагы Королдук консерваторияда окуйт. Ал буга чейин дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө жеке концертин берген.(BkA)