Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

2017-жылга чейин энергетикадагы жоготуу 12% кыскарат


Бишкекте энергетика тармагына салынган каражат канчалык натыйжалуу жана ачык колдонулууда деген темада талкуу өтүп жатат. Анда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов маалымат берип, 2017-жылга чейин бул тармактагы жоготуунун деңгээли 12% кыскарарын белгиледи. Ал келерки жылдын пландары катары мыйзамдарды жакшыртуу, көз карандысыз көзөмөлдөөчү, эсептөөчү орган түзүү, балансташтырылган трафиктик саясатын киргизүүнү атады. Мындан сырткары эскирген жабдууларды оңдоп-түзөө үчүн тарифти көтөрүү зарылдыгы белгиленди.

Энергетика тармагындагы пайдалана турган резерв катары жоготууларды, коррупцияны кыскартуу зарылдыгы айтылып келет. Өткөн жылы ал 21 пайыздан ашуун болсо, быйылкы жылдын он айында 16.5% болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG