Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Баткен: кыргыз-тажик чегинде эл топтолуп турат


Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү да бул маалыматты такстыктады.

Баткен районунун Ак-Сай айылында 17-декабрь түнү кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда тирешүү болгон. Тажикстанга жакын ээн жерде кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү окуяга себеп болгону айтылууда.

Учурда Ак-Сайды Баткен районунун борбору менен байланыштырган жолду 500дөй тажик жарандары тосуп тургандыгы кабарланды. Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух анклавына жол каттамы жок турат.

Окуя болгон аймакка күч кызматтары барып абалды көзөлдөп турат. (JsA)

XS
SM
MD
LG