Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Кыргыз-тажик чегинде айрым машиналар өткөрүлө баштады


Баткенде кыргыз-тажик чек арачылары сүйлөшүп, түнү бою күтүп турган, зарыл жумуштар менен бараткан машиналарды өткөрө баштады. Ушул тапта чек арачылардын коштоосу менен эки тараптан бирден машина өткөрүлдү. Окуя болгон жерге Тажикстан тараптан Исфара районунун акими менен Согдий дубанынын губернаторунун орун басары келери айтылууда. Кыргызстандан өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн орун басары Бакирдин Жолчиев жана Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков турат.

Баткен районунун Ак-Сай айылында 17-декабрь түнү кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда тирешүү болгон. Тажикстанга жакын ээн жерде кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү окуяга себеп болгону айтылууда. Учурда Ак-Сайды Баткен районунун борбору менен байланыштырган жолду 500дөй тажик жараны тосуп, Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух анклавына жол каттамы жабык турат. Окуя болгон аймакка атайын даярдыктагы отряд барып абалды көзөлдөөдө. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG