Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Жалал-Абадда такси айдоочулары митинг өткөрдү


Шаардык мэриянын алдында эки сааттай турган таксисттер борбордук базардын алдынан өтүүчү каттамдарды ачып берүүнү талап кылышты.

Алар мэриянын түрдүү багыттарда жүрүүчү жеке менчик машинелерди “Келечек” аттуу автобекетке киргизүү чечимине жана базардын тушунан микроавтобустар үчүн жаңы 106-каттамдын ачылышына нааразы болушту.

Мэрияда болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин алар таркап кетишти. Шаардык бийликтин өкүлдөрү маселе бир апта ичинде караларын түшүндүрүштү.

Айдоочулар митингге 50дөн ашуун киши, ал эми милиция 20дай айдоочу катышты деп маалымат берди.(YA)

XS
SM
MD
LG