Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Аба ырайы


18-20-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.

Синоптиктердин билдиришинче, 19-декабрда түнкүсүн айрым аймактарда кар жаайт, күндүз жаан жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -1...+4,
Талас жергесинде түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3,
Баткен облусунда -6…-11, күндүз 0…5,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 1…6,
Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9,
Тоолордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -6…-11 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -1...+3 градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG