Жалал-Абад облусундагы адам укугун коргоочу “Адилеттик” уюмуна быйыл убактылуу кармоо жайларында кыйноого кабылганын айтып, 25 адам кайрылган. Уюмдун изилдөөсүндө алты окуя ырасталган эмес.
Аталган уюм 19 окуя боюнча кылмыш ишин козгоону прокуратурадан өтүнгөн. Бирок алардын он бири арыздарынан баш тарткан. Прокуратура үч, Жогорку Сот бир окуя боюнча кылмыш иш козгоону негизсиз деп тапкан. Учурда калган төрт иштин экөө Жалал-Абад, бирөө Майлуу-Суу шаардык, бирөө облустук соттун кароосунда жатканын уюмдун өкүлү Өткүрбек Жабборов билдирди. (YA)