Ала-Бука райондук ооруканасында мастардын ур-тепкисинен каза болду делген жарандын иши тергелип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Асылбек Бийчиев билдирди.
28-ноябрда кечке жуук бейтапкананын короосунда Коргончо айылынын тургуну, 53 жаштагы Комилжон Жумабаев мас балдар менен чатакташа кетип, алардын ур-тепкисине калганын маркумдун бир тууганы “Азаттыкка” кабарлаган болчу. Жумабаев эсине келбей, эртеси күнү көз жумган. Учурда кылмышка шектүү деп Ала-Бука айылынын 23 жаштагы тургуну камакка алынган. Маркумдун туугандары кылмышка катышкан башка балдардын кармалбай жатканына нааразылыгын билдирип жатышат. (SE)