Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Парламентте курал алып жүрүүгө тыюу салынды


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына, ошондой эле чакырылгандарга жана аккредитациядан өткөн адамдарга парламенттин имаратында курал алып жүрүүгө тыюу салынат.

Демилгечи депутат Ирина Карамушкина аталган мыйзам долбоору коргонуучу жана кызматтык куралдарды көзөмөлгө алуу үчүн иштелип чыкканын белгилеген. Буга чейин 50дөн ашуун депутаттын ок чыгаруучу куралы бар экени айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG