Германиянын канцлери Ангела Меркел Еврошаркетке мүчө өлкөлөрдү Евробиримдиктин негизги макулдашууларын өзгөрткөнгө даяр болушу керектигин жарыялады. Канцлер болуп бекигенден кийин Бундестагда биринчи жолу сүйлөп жаткан Меркел Европа чечим кабыл алууда ийкемдүү болгондо гана натыйжалуулукка жетише алат деген оюн айтты. Ал Украина боюнча акыркы кырдаалга да токтолуп, Украинанын президенти "Виктор Януковичтин Европа биримдиги менен Ассоциациялык келишимге кол койбой койгону өкүнүчтүү, бирок Еврошаркеттин сунушу күчүндө" деп кошумчалады.