Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:00

ЕБ менен БУУ Италияны мирганттар борборлору үчүн сындады


Евробиримдик Италиядагы мигранттар кармалган борборлордогу шарттардын начардыгы үчүн сынга кабылды. Биримдиктин ички иштер боюнча комиссары Сесилия Мальмстрём Италияда, анын ичинде Лампедуза аралындагы мигранттар кармалган борборлордогу абал иликтене тургандыгын жарыялады.

Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча мекемеси Лампедузадагы мигранттардын жашоо шарттарын сындап, адамдарга “мүмкүн делген стандарттардан төмөн” жардам көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Лампедуза аралы Тунис менен Сицилиянын ортосунда жайгашкандыктан, Евробиримдикке умтулган африкалыктардын негизги транзиттик жолу болуп саналат.

Улуттар Уюмунун Мигранттар күнүнө карата билдирүүсүндө дүйнө өлкөлөрү мигранттардын укуктарын сыйлоосу, алар эксплутация менен зордук-зомбулуктан жабыр тартпоосу керектиги айтылат.

XS
SM
MD
LG