“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча 2013-жылы дүйнө жүзүндө 71 журналист өз ишин аткарууда курман болгон. Бул сан былтыркыга салыштырмалуу аз. Ошентсе да журналисттерди уурдоо, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерине ар кандай зордук-зомбулук көрсөтүүнүн статистикасы докладда айтылгандай “өтө жогору”.
Журналисттер көбүнчө Азияда, Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада кызмат үстүндө каза табат. Андай кабарчылардын 40 пайызы Сирия, Сомали, Мали жана Дагестанга туура келет.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун баш катчысы Кристоф Делуар журналисттерге каршы кылмыш жасагандар жазаланбай калып жатканы тенденция экенин дагы баса белгиледи.