Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Баткен: Чек арадагы чатак боюнча сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы өтүүдө


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, Аксай айлындагы абал боюнча Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүнүн экинчи айлампасына отурду. Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн орун басары Бакирдин Жолчиев, Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков Тажикстандан Согдий облусунун төрагасынын биринчи орун басары Жумабой Сангинов жана Исфара районунун акими катышып жатат. Буга чейин ушул эле топ түшкө маал сүйлөшүү өткөрүп, окуянын себебин аныктоо үчүн эки тараптуу комиссия түзүү чечимин кабыл алган.

Ал эми чек арада топтолгон эл тарабай турат. Кабарчыбыздын айтымында, кыргыз тарапта 50дөй, Тажикстан тарапта 70дөй адам турат. Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары өз талаптары аткарылмайынча Ворухка кеткен жолду ачпасын билдирүүдө.

Баткен районунун Ак-Сай айылында 17-декабрь түнү кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда тирешүү болгон. Тажикстанга жакын ээн жерде кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү окуяга себеп болгону айтылууда. Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда Ак-Сайды Баткен районунун борбору менен байланыштырган жол тосулуп, Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух анклавына жол каттамы жок турат.(BkA\JsA)

XS
SM
MD
LG