Египеттин башкы прокуратурасы аскер башчылары тарабынан кулатылган мурдагы президент Мухаммед Мурсиге жана «Мусулман агайындар» исламчыл кыймылынын 34 активистине жаңы кылмыш ишин козгоду.
Прокурордун токтомунда алар палестиналык террорчул "Хамас" жана шиитердин Ливанда жайгашкан "Хезболла" тобунун катышуусунда зомбулук жана террорчул аракеттерди жасаган, Египеттин аскердик жашыруун сырларын чет өлкөлөргө беришкен деп айтылат.
Зомбулукка тукурган деген айып менен учурда Мурси соттолууда. Ал бийликке исламчыларды алып келди дегендердин нааразылык акцияларынан кийин, 2013-жылдын 3-июлунда бийликтен кеткен. (AiK)