Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Баткен: чек арадагы жол ачыла элек


Баткендеги Ак-Сай айылындагы чек арадагы тирештен соң жабылган жол ачыла элек. Аймактагы кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун билдиришинче, түнү бою Кыргызстан тараптан 50 чакты адам чек арадагы жолду кайтарды.

Жол тоскондор 17-декабрда чайканага өрт койгондорду жоопко тартууну талап кылышууда. Алар айылдагы чайкананы коңшу Тажикстандын жарандары өрттөп кетти деп шектенип жатышат. Мындан улам кечээ Ак-Сай айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда тирешүү чыгып, натыйжада эки тараптан тең жол жабылган.

Айылдагы абалды жөнгө салуу үчүн Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун бийлик өкүлдөрү эки ирет сүйлөшүү өткөрүп, бирок жыйынтык чыкпады. Учурда айылда абал тынч. Сүйлөшүүлөрдүн бүгүн уланаары күтүлүүдө.(BkA/JsA)

XS
SM
MD
LG