Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

Орусия: абактагы 25 миң адамга мунапыс жарыяланды


Орусиянын Мамлекеттик Думасы шаршембиде өлкө Баш мыйзамынын 20 жылдыгына карата мунапыс боюнча токтомду кабыл алды. Эми бул токтомго ылайык абактагы 25 миң адам мунапыска илинет. Алар негизинен биринчи жолу кылмыш кылган жашы жете элек өспүрүмдөр, аялдар жана жеңил кылмыш менен соттолгондор.

Мунапыска Арктикада мунай өндүрүүгө каршы акция өткөрүп жатып кармалган “Гринпис” экологиялык кыймылынын мүчөлөрү жана Pussy Riot панк тобунун музыканттары, Болотная аянтындагы акциянын айрым катышуучулары да илиниши мүмкүн.

Бул мунапыс Путиндин атаандашы саналган мурдагы олигарх Михаил Ходорковский, оппозициянын лидерлеринин бири Алексей Навальныйга тиешелүү эмес. Мындан улам талдоочулар мунапысты Кремлдин Сочи Олимпиадасына карата айтылып жаткан сын-пикирлерди жумшартуу аракети катары баалап жатышат.

XS
SM
MD
LG